Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.12.2018 11:56 На русском

Ысык-көлдүк киши коңшусунун өлүмүнөн кийин асынып каза болду

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылынын тургуну өз өмүрүнө кол салды.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгон болжолдуу маалыматтар боюнча, 9-декабрга караган түнү коңшулар — 1975-жылы туулган Бакыт (ысымы өзгөртүлдү) менен 1972-жылы туулган Таалайбек (ысымы өзгөртүлдү) бирге спирт ичимдигин ичишкен. Андан кийин Таалайбек өзүнүн жумуштары менен кеткен.

Ал үйүнө саат 04:00 чамасында кайтып бара жатканда Бакытты жолуктуруп, аны үйүнө жеткирүүнү чечкен. Аны үйүнө жеткиргенден кийин өзү үйүнө кеткен. Ал эми Бакыт эртеси саат 09:00 чамасында өзүнүн үйүндө көз жумган. Ал ушул жуманын башында жерге берилип, андан кийин Таалайбек өзүнүн үйүнө барып асынып алган.

Кийинчерээк текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен Бакыттын 9 кабыргасы сынып, көкүрөгүнөн жаракат алганы аныкталды. Аны унаа сүзүшү мүмкүн деп болжолдонуп жатат. Ал буга чейин медициналык кызматкер болуп эмгектенип келген.

Бакыттын өлүмү боюнча экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×