Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.01.2019 22:15 На русском

«Жеңеке»: Эки облуска көпүрө болгон Айчолпон кайын журтун муздак тамагы менен тамшанткан (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 35 жаштагы Айчолпон Эдирова. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында туулган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, орто мектепти аяктагандан кийин Москва шаарына иштөө үчүн кеткен. Ал жактан өмүрлүк жолдошу Элназар менен жолугуп, Базар-Коргон районунун Кача айылына келин болуп барган. Үй-бүлөдө экинчи келин. Ал кесиби боюнча ашпозчу болгондуктан кайын журтуна келгенде тамактын түрүн жасап берет.

«Биз үй-бүлөбүз менен алыста иштегендиктен айылга кээде гана барабыз. Апам (кайын энеси) абдан түшүнүктүү адам. Мен жаңы келин болуп барганда аш басууда ойдогудай болбой калабы деп тычсызданып жатканымды билип, апам «сен салатыңды камдай бер, мен өзүм басайын» деген эле. Апам мага келининдей эмес, кызындай мамиле жасап, ар дайым бизден кабар алып турат», - дейт Айчолпон Эдирова.

Анын айтымында, учурда ал Санкт-Петербург шаарында жашайт. Кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Кайын журтуна барганда тамактардын түрүн жасап берет. Өзгөчө анын ашлям-фусун баары тамшанып жейт.

«Ата-энем башында алыс жакка турмушка чыктың деп айтышчу эле, азыр эки облустун ортосундагы көпүрө болдуң деп айтып калышат. Кудалар бири-бирин жакшы түшүнүп, байма-бай катташып турушат», - дейт ал.

Айчолпон жеңе жолдошу менен эки кыз, бир уулду тарбиялап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×