Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.12.2018 08:21 На русском

Айыл турмушу: Сүрөтчү Бактыбек Кубандыковдун эмгектери мамлекеттик резиденцияга коюлган (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Бактыбек Кубандыков мектепте сүрөт сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Ал эми бош убакта сүрөт тартып, жыгач устачылык менен алектенет. Таланттуу мугалим менен аймактык кабарчы маек курду.

Б.Кубандыков Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлүп өскөн. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдан билим алып, көркөм графика боюнча адис болуп чыкан. Учурда өз өнөрүн окуучуларга үйрөтүп келет.

«Окуучулар менен портрет тартып, ар кандай сынактарга катышабыз. Баланы чыгармачылыкка тартып, талантын өстүрүүдөн ырахат алам. Алардын жеңиши мугалимдин жемиши болот», - дейт ал.

Мугалим жумуштан сырткары чыгармачылык менен алек. Ал жаратылыштын кооздугун атайын кездемеге түшүрөт.

«Май боёктор менен иштейбиз. Биринчи катмарын тартып, ал кургагандан кийин экинчисин тартабыз. Ошентип бир сүрөт тартууга бир айга чейин убакыт керек. Буйрутма менен тартам. Азыр эл үйлөрүн заманбап жасалгалап, сүрөт илип калышты. Көбүнчө тоолор, жайлоо, жылкылар тартылган сүрөткө буйрутма беришет», - дейт сүрөтчү.

Анын бир эмгеги 2,5 миң сомдон 10 миң сомго чейин бааланат.

«Жай айында көргөзмө уюштуруп, эмгектеримди Чолпон-Ата шаарында сатам. Көргөзмөдө онго жакын эмгегимди мамлекеттик резиденцияга алып кетишкен. Ал жерде Хан-Теңири, Жеңиш чокусу өңдүү бир нече эмгектерим илинип турат. Ошондой эле мамлекеттик ишканалардын имараттарын кооздого жардам берем. Облустук бириккен оруканасынын кире беришиндеги Ысык-Көлдүн сүрөтү менин калемиме таандык. Мындан тышкары эмгектерим конокко келген элчилерге белекке берилген», - деди ал.

Бактыбек мырза эки кабаттуу турак жайлар үчүн тепкич жана үй эмеректерин да жасайт. Тепкичтер колдонулган каражатка жараша 100 миң сомго чейин бааланат. Ал 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×