Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.12.2018 14:51

Айыл турмушу: Сабира Курманалиева жасаган паннолор министрлерге белекке берилген (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Сабира Курманалиева мектептеги таланттуу балдар үчүн ийримдерди уюштуруп, алардын эмгектери менен көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, байгелүү орундарды алышат. Ал ошондой эле 9 миң сомго чейин бааланган паннолорду жасайт.

Сабира Курманалиева №4 мектеп-гимназиясында кол эмгек жана чийүү сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Бош убакта паннолорду жасап, кошумча киреше табат.

«Мугалим дайыма чыгармачылыгын, кесиптик жөндөмдүүлүгүн өстүрүүнүн үстүндө иштеши керек. Мен да жумуштан келип, үй оокаттарын жасап, андан кийин чыгармачылык менен алектенем. Айрым учурларда түнкү саат бир-экиге чейин отуруп калам. Сайма саюу, декоративдүү колдонмолорду жасоо жагат. Көбүнчө паннолорду жасайм, эргүү келген учурда бат эле бүтүрөм», - дейт мугалим.

Курманалиеванын эмгектерин окуу жайлар сатып алып, министрлерге белек кылган. Ошондой эле анын кол эмгеги Роза Айтматовага белекке берилген.

«Чет элдик туристтерге кыргыздын кол эмгектери боюнча сабак берем. Масстер-класстарда алар шырдак жасоого, курактарга, ала кийиздерге кызыгышат. Мындан тышкары шаардагы гендердик борбордо жардамга муктаж айымдарга кол эмгекти үйрөтөм. Ал жердеги айымдар эмгеги менен киреше табууну өздөштүрүшөт. Учурда кол эмгек жакшы бааланат. Мисалы, 1 миң сомго 10 түстөгү жип алсаң, сайма сайып, паннолорду жасап, 5 миң сомдон сатса болот. Аны муктаж айымдарга айтып, киреше табуунун жолун көрсөтөм», - дейт кол өнөрчү.

Сабира Курманалиева 1970-жылы агрономдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энеси жер адиси болуп, аларды эмгекке тарбиялаган. Ал эми өзү эки кызды тарбиялап чоңойтуп, бири чет жерде билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×