Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.11.2018 22:42 На русском

Жаш талант: 13 жаштагы Кундуз балдардан таасирленип, футболчу болгон (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылынын 13 жаштагы тургуну Кундуз Салиева Ысык-Көл облусунун футбол боюнча курама командасында ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кундуз 3 жылдан бери футбол ойнойт.

«Балдардын ойноп жатканын көрүп, кызыгып кеткем. Атайын машыгып, футбол ойноого көнүп кеттим. Алгач абдан оор болду. Ал эми Ысык-Көл облусунун курамасында ойноп жатканыма 1 жыл толду. Ал жакка атайын тандоо турдан өткөндөн кийин кабыл алынгам. Командада эң кичүүсү менмин. Азырынча ийгиликтерди жаңыдан багынтып келе жатабыз. Себеби көпчүлүгү менден улуу болгондуктан бир аз оор болууда. Буюрса алдыда көп аракеттерди жасайм», - деди ал.

Жаш футболчу бош убакта кошумча сабактар боюнча ийримдерге барат. Ал учурда Абдыш Ракымов орто мектебинде 8-класста окуп жатат. Алгебра, дене тарбия сабактарына кызыккан Кундуз келечекте белгилүү футбол машыктыруучусу болгусу келет. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×