Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.11.2018 13:25 Жаңыланды: 26.11.2018 17:58 На русском

«Орусиялыктар таң калышты»: Муздан скульптура жасаган ысык-көлдүк Урмат эл аралык сынакта 2-орунга ээ болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын 24 жаштагы тургуну Урмат Советкелдиев акыркы эки жылдан бери Россияда өткөн муз фестивалына катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет. Жаш скульптор менен аймактык кабарчы таанышты.

Урмат Советкелдиев 1994-жылы Теплоключенка айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы сүрөт көркөм окуу жайында билим алган. Ал жерден булгаарыны иштетүү боюнча адистикке ээ болуп, элетке келгенде ушул тармакта иштеп баштаган.

Ошондой эле ал Каракол шаарындагы К.Жантөшөв атындагы музыкалык драма театрында да иштеген. Андан соң Россияга эмгек мигранты болуп кеткен.

«Новосибирск шаарында иштеп жүрүп, кардан ар кандай чыгармаларды жасаган «Сибирский фестиваль снежной скульптуры» сынагы болорун угуп калдым. Ошол учурда сүрөтчү Максим Пахомов менен таанышып калып, экөөбүз бир команда болуп, аталган сынакка Кыргызстандын атынан катышууну чечтик. Ошондо аталган эл аралык сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат дегенди угуп, абдан кубандым. Алгач 2017-жылы өткөн сынакта 3-орунду алдык. Максим менен учурда да доспуз», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда ал Томск шаарында муздан ар кандай скульптураларды жасоо боюнча өтө турган «Хрустальный Томск» сынагына даярданып жатат.

«Кийинчерээк мекенге кайтып келдим. Кыргыз драма театрынын башкы сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов менен бир команда болуп, ушул эле сынакка 2018-жылы кайра катышып, анда 2-орунду багындырдык. Анда Россиянын телеканалдары сынактын жүрүшүн чагылдырып, биздин эмгекти көргөн орусиялыктар таң калышып, скульптуралабызды жакшы баалашты, бул бизге чоң стимул болду.

Быйыл 4-январда өтө турган фестивалда 1-орунду алууга камданып жатабыз. Ошондой эле 8-декабрда Томск шаарында боло турган муз фестивалына катышалы деген оюбуз бар», - дейт ал.

Урмат 6 бир тууган. Ал буга чейин Теплоключенкада майып жарандар үчүн устакана ачып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×