Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.11.2018 08:09 Жаңыланды: 26.11.2018 16:11 На русском

40 миң долларлык бай ордо: Ысык-Көлдө өзгөчө үй пайда болду (сүрөт)

Turmush -  Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Алмазбек Акунов боз үй стилиндеги үй куруп, аны бай ордо деп атаган. Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү 40 миң долларлык бай ордосу тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мындай үй куруу менен Тоң жергеси этно багытта өнүгө турчу аймак экенин, этно стилдеги үйлөрдү курса боло турганын далилдегим келди. Ошондой эле Балыкчыдан Тоңго чейинки жолдордо боз үй колоритин чагылдырган үйлөр болсо деп айтып келчүмүн.

Бул боз үй стилиндеги үй боз үйдүн форматын жоготпостон эки кабаттуу болду. Сыртынан караганда кадимки эле боз үй, ичине кирсең эки кабаттуу. Керегеге чейин биринчи кабаты, уук жагы экинчи кабат болот. Мындай үй Кыргызстанда эмес, орто Азияда биринчи жолу курулду. Буга чейин боз үй стилиндеги үйлөр эки же үч кабаттуу болуп курулганын көргөм, бирок форматы өзгөрүп кеткен.

Бул үйдү бир жайда куруп бүтүм. Диаметри 9 метр болуп, алдыңкы кабатта зал, ашкана, жуунучу жайы, кире бериш жана от жаккыч меш бар. Экинчи кабатында уктоочу бөлмө жана дагы бир жуунучу жай жайгашкан. 1-кабаттагы меш аркылуу эки кабаты тең жылыйт, уникалдуулугу ушунда. Дубалы кирпич, үстүңкү кабаты металлдан жана жыгач пайдаланылды. Түндүк кадимки терезедей, түнкүсүн жылдыз көрүнөт. Курулушка жалпы 40 миң доллар каражат сарпталды. Мындан арзан баага курса болот, бирок курулуш каражаттардын сапатына карадым.

Ичине атайын илгеркидей үкөктөрдү жасатып койсом дейм. Кыскасы ички жасалгасын да этно стилде кылганга аракет кылам. Үйдү биринчи көргөндөр таң калып жатат. Аябай кызыккандары да бар. Ушундай кылып курам дегендерге кеңешимди айтып жатам», - деди А.Акунов.

Ал ушундай боз үй форматындагы үйлөр көбөйсө деп максат кылат. Ошондой эле келечекте этно стилдеги 3 кабаттуу үй курууну пландап жатат.

Буга чейин салбурунчу, тайганчы Алмазбек Акунов менен АКИ-TV маектешкен.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×