Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.11.2018 17:57 На русском

Фото - Жыргалаң дарыясына кулаган «Нивадагы» аялы менен күйөөсү сууда жан беришти

Turmush -  Бүгүн, 25-ноябрда болжол менен эртең мененки саат 10:30-11:00 чамасында Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында бара жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа кокустан жолдон чыгып, Жыргалаң суусуна кирип кетти. Натыйжада, унаанын ичиндеги эки адам тең сууда жан беришкен.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Кырсык болгон жерге Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн, ЖКККБнын кызматкерлери жана ӨКМдин райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү иштеп, унааны суудан алып чыгуу ишин жүргүзүштү.

Кырсыкка кабылган адамдар Каракол шаарынын тургундары болгон. Бири 1974-жылы туулган болсо, экинчиси 1981-жылы туулган.

Кийинчерээк милициядан кабарлашкандай, бүгүн, 25-ноябрда Ак-Суу РИИБге Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылынын тургундары тарабынан жол кырсыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалымат боюнча тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган. 25-ноябрда болжол менен саат 11:00 чамасында Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында Каракол шаарынын 1973-жылы туулган тургуну Т.А. жана аялы - 1981-жылы туулган Ч.Р. «Нива» үлгүсүндөгү унаа менен тоо этектеп бара жатып түндүк тарапта жайгашкан сууга тайып кирип кеткен. Анын кесепетинен унаа ичиндегилер каза болушкан.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кароо жүргүзгөндө, Шахта-Жыргалаң айылында кар калың жаап, жол тазалоочу унаа карды тазалаганга үлгүргөн эмес. Мындан улам унаа жол көрүнбөй, 1973-жылы туулган Т.А. унаасын тоо этектеп башкарып бара жатканы аныкталган. Маркумдардын жакындары Т.А. менен Ч.Р.нын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Ошондой эле, алар эч эч кимге эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдиришкен. Жогорудагы окуя боюнча азыркы учурда териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×