Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.11.2018 12:52

Балыкчыда уурдалып, бири өрттөлгөн унаалардын ээлери окуянын чоо-жайын айтты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында белгисиз адамдар уурдап, бирин өрттөп кеткен эки кичи автобустун ээлери аныкталып, учурда бул факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Уурдап, андан кийин өрттөп кетишкен «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаанын ээси Ботугур уулу Сталбектин айтымында, ал унаасын шаардагы Токтосунов көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан үйүнүн короосуна токтоткон. Акыркы жолу унаасын 20-ноябрда саат 1:30 чамасында сыртка чыкканда көргөн. Эртең менен саат 05:30 чамасында ойгонуп, унаасын короосунан таппай калган.

Ал эми «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүнүн №21/4 дарегинде токтоп турган жеринен уурдалган.

Анын ээси Стапбек Исаковдун айтымында, унаасын 20-ноябрда саат 20:30 чамасында жогорудагы даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанына токтоткон. Эртең менен чыгып, таппай калган. Бул унаа фирмага тийиштүү жана ичинде товарлар болгон. Алар бул боюнча милиция кызматына кайрылышкан.

Учурда «Мазда» үлгүсүндөгү унааны уурдоого аракет болгондугу аныкталган. Белгисиз адамдар аны уурдап чыгып, бир аз жүргөндөн кийин бузулуп калгандыктан ошол жерге таштап салышкан.

Буга чейин Балыкчы шаарында эки кичи автобусту белгисиз адамдар уурдап кетишкенин жана анын бирин толугу менен өрттөшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×