Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.11.2018 21:36

Чолпон-Атада поэзия кечеси уюштурулду (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы «Ысык-Көл деми» адабий-маданий коомдук бирикмеси бир жылдыгын белгилөө максатында чакан поэзия кечесин уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган бирикме шаардагы жаш акын Сабира Шейкееванын демилгеси менен негизделип, анын мүчөлүгүнө шаардагы өнөрлүү, чыгармачыл адамдар кабыл алынган. Бир жылдан бери бирикменин мүчөлөрү мектеп окуучулары менен жолугуп, поэзия кечелерин өткөрүп келишет.

Бир жылдыкка арналган иш-чара поэзия менен коштолуп, акындар ырларын окушуп, чыгармачылыктары туурасында маектешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×