Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.11.2018 14:58

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Чолпон Аламанова бөбөктөргө ыңгайлуу жана жылуу чапандарды тигип берет (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 32 жаштагы тургуну Чолпон Аламанова балдардын чапан, чыптамаларын тигет. Кол өнөрчү айына 20 миң сомго чейин киреше табарын аймактык кабарчыга айтып берди.

Чолпон Аламанова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алган. Мектепте окуп жүргөндө эле тигүүчүлөккө кызыкканын айткан кол өнөрчү окууну бүткөндөн кийин тигүүчү болом деген максат койгон.

«Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин Бишкек шаарындагы цехте 2 жыл иштедим. Турмушка чыккандан кийин тигүү машинасын алып, аз-аздан үйдөн тиге баштадым. Балдардын кийимин тигип жатканыма 1 жылдан ашты. Учурда Каракол шаарында жашайм», - деди ал.

Чолпон айым балдарга шырылган чыптама, чапанды баш кийим жана шымы менен кошо тигип берет. 4 жашка чейинки балдардын чыптамасы 500 сомго, топусу менен 800 сомго бааланса, чапандарды 800 сомдон сатат. Ал эми 7 жашка чейинки балдардын чапаны 1000 сомго бааланат.

«Мен тиккен кийимдерди балдар конокко, бала бакчага кийишет. Тушоо той, сүннөт тойлорго да буйрутма беришет. Чапандар абдан ыңгайлуу, жеңил жана жылуу болот. Айына 20 миң сомдун тегерегинде киреше табам. Бош убактым деле жок. Үч уулум бар, аларга көңүл бурганга аракет кылам. Балдарым бир аз чоңойсо, жеке цех ачууну ойлонуп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×