Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.11.2018 14:05

Ак-Суунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнө барган мобилдүү клиника элди текшерип жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 21-ноябрда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын мобилдүү клиникасы Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл аймагына барып, тургундарды медициналык кароодон өткөрүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Илдеттерди убагында аныктоо максатын көздөгөн көчмө клиника бул айыл аймакка айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен келген. Клиника жугуштуу илдеттерди аныктоо, аларды убагында токтотуу максатында иш алып барууда.

Көчмө клиника менен келген гинеколог-дарыгер аялдарды текшерүүдөн өткөрүп жатат. Ошондой эле УЗИ аркылуу жашоочулардын бардык органдары текшерилип, лабораториядан сарык оорусунун В, С түрлөрү аныкталууда.

«Биз элетте жашагандыктан баарыбыздын эле шаарга барып, текшерилүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Дарыгерлер келип, текшерүүдөн өткөрүп жатканына ыраазыбыз», - дешет айыл тургундары.

Мобилдүү клиника эки күн Бөрү-Баш айылында, бир күн Черик айылында болот. Клиника Россия Федерациясы тарабынан берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×