Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.11.2018 10:42 Жаңыланды: 31.12.2018 17:29 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Р.Рузиев гиссар койлорду багып, миллионер болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну Рустам Рузиев мал чарбачылыгы менен алектенип, гиссар породасындагы койлорду багат. Жергиликтүү ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, гиссар породасындагы койлорду багып жатканына 5 жылдай болгон.

«Учурда таза гиссар породасындагы койлордун саны 70ке жетти. Бул койлордун өзгөчөлүгү эттүү жана көлөмдүү болгондугунда. Жөнөкөй койлорго салыштырмалуу баасы кымбат жана кирешелүү болот. Ургаачылары 80 кг салмакка чейин жетсе, кочкорлору 120 кг салмактан ашат», - дейт Р.Рузиев.

Анын айтымында, асыл тукум койлорду багуу кирешелүү иш болуп саналат.

«Козулары 15 миң сомдон жогору болот, ургаачы чоң койлор 30-40 миң сомдон, ал эми кочкорлору 70 миңден 150 миң сомго чейин жетет. Быйыл 2 кочкорду 250 миң сомго саттым. Акыркы 2 жылдан бери 1 миллион сомго жакын киреше түшүп жатат. Ал эми 30 токтуну 35 миң сомдон саттым. 1 миллион 150 миң сом болду. Жем-чөбүнөн сырткары 1 миллион сомго жакын киреше түштү. Келечекте дагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү пландап жатам. Мындан тышкары эт жана сүт багытындагы асыл тукум уйларды багууну ойлоп жатам», - деди ал.

Р.Рузиев 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×