Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.11.2018 11:54

Тоңдук волейболчулар райондор арасындагы мелдеште 2-орунду алышты (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун волейбол командасы райондор арасында өткөн биринчиликте 2-орунду алышты. Бул тууралуу командадагы оюнчулардын бири Эрнис Элчибек уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Аймактарды өнүктүү жылына карата уюштурулган.

«Тоң районунун командасы Ысык-Көл облусундагы бардык райондорду утуп, Бишкектеги мелдешке жолдомо алганбыз. Ал жактан ар бир аймактан тандалган 15 команда менен күч сынаштык. Ал эми райондор арасындагы мелдеште 2-орунга ээ болдук. Уюштуруучулар медаль, грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×