Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 20.11.2018 11:01 На русском

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер К.Ысманованын жаңы китеби жарык көрдү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 83 жаштагы тургуну, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кеңешкан Ысманованын «Муундар мурасы — сөз» аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ардактуу атуулу Кеңешкан Ысманова жарык көргөн китебинин негизги максаты жаш муундарга мекенин, элин терең урматтоого, сүйүүгө жол көрсөтүүгө салым кошуу экенин айтат.

Китепте тарыхый инсандар жана алардын айткандары, нарктуу сөздөр, салт-санаа, кыргыз элинин мурастары туурасында кенен жазылган маалыматтар бар. Китеп 2000 нуска менен жарык көрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×