Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 16.11.2018 21:09

Уулум С.Жээнбековдой болсо дейм, - өлкө башчынын туулган күнүндө көз жарган 22 жаштагы Жаңыл (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-ноябрда Чолпон-Ата шаарынын төрөт үйүндө 22 жаштагы Жаңыл Дүйшөканова көз жарып, экинчи уулун жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаш эне Жаңылдын айтымында, ал бүгүн таңга маал көз жарган. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун дагы туулган күнү экенин билип, уулу дагы келечекте өлкө башчыдай элдин керегине жараган инсандардан болсо экен деп тилек кылып жаткандыгын билдирди.

16-ноябрда Чолпон-Ата шаарындагы райондук төрөт үйүндө 6 ымыркай жарык дүйнөгө келсе, алардын бешөө кыз, бирөө эркек бала.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×