Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.11.2018 14:10 Жаңыланды: 16.11.2018 19:03 На русском

Сүрөт: Ак-суулук жигит 16 жаш улуу аялды зордуктап, сабап өлтүргөн

Turmush -  Ак-Суу районундагы Чолпон айылында киши колдуу болуп көз жумган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Буга чейин анын өлүмүнө шектүү киши качып кеткени маалымдалган эле.

Бул окуяга байланыштуу жаңы фактылар тууралуу Ак-Суу РИИБдин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги Талипбек Жаналиев Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«2018-жылдын 17-майында саат 10:00 чамасында Ак-Суу РИИБге Чолпон айылындагы кыштоодо 1973-жылы туулган аял кишинин денеси табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, анын денеси кашардын күн чыгыш жагында жатканы аныкталган болчу. Ал аял күйөөсү менен бирге кашардын ээсинин малын багып жүргөн.

Бул окуя боюнча Ак-Суу РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон», - деди подполковник.

Тергөөнүн жүрүшү менен маалым болгондой, Ак-Суу районунун тургуну Айбек (Ш.А.К., ысымы өзгөртүлдү) 2018-жылдын 16-майында саат 16:00 чамасында айылдын күн чыгыш тарабындагы алма бакка барган. Ал жактан жердеш жубайлар — маркум аял Екатерина (ысымы өзгөртүлдү) жана анын күйөөсү Валентин (1976-жылы туулган, ысымы өзгөртүлдү) менен кезигип, бирге спирт ичимдигин ичишкен. Кечки саат 21:00 чамасында Айбек агасына тиешелүү «БМВ» үлгүсүндөгү унааны айдап чыгып, көчөдө турган бөтөлкөлөш жубайларды унаага салып алып, мал багып жүргөн кашарды көздөй жөнөшкөн. Бирок орто жолдон ортолорунда уруш чыгып, маркумдун күйөөсүн унаадан түшүрүп салган.

Милициянын маалыматы боюнча, аялды кашардан 100 метр алыс жерден зордуктап, ал жерден экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Шектүү маркумду тепкилеп, оор абалга чейин сабагандан кийин унаадан сүйрөп түшүп, талаага таштап кеткен.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда көрсөтүлгөндөй, маркум аялдын бир нече кабыргалары сынып, өпкөсү жабыркап, көкүрөгүнө кан толуп, баш мээси чайкалган. Мунун кесепетинен ал талаада каза болгон. Ал эми Ш.А.К жашырынып жүрүп, 25-июнда Ак-Суу РИИБге өзү барып, күнөөсүн мойнуна алган.

Ал эми маркум аял күйөөсү менен 2018-жылдын 29-мартынан бери жарандык никеде жашап жатышкан. Экөө баш кошкондон кийин кашарда мал багып иштеп, ошол жерде вагондо жашашчу.

Күйөөсү тергөө учурунда окуя күнү аялы экөө дүкөндөн 300 сомго үч бөтөлкө арак алып, айылдын четиндеги алма бакта ичип отурушканын айткан.

Ал көрсөтмөсүндө: «Ошондо Айбек жана дагы бир адам келгенин билем, ал жерден мушташканбыз. Мен тоону көздөй качкандай болгом, аялым ошол жерде калган. Түн киргенде мен кашарга барып, вагонго жатыптырмын. Кантип жеткенимди билбейм. Эртеси кашардын ээси мени ойготуп, аялдымды сурады. Мен ал кайда экенин эстей алган жокмун. Ошондон кийин милиция кызматкерлери барып, аялым каза болгонун айтышты», - деп айткан.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×