Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 15.11.2018 14:14

Жаш талант: Шахматчы Дастан Бактыбеков 1 жыл Америкада окуп, турнирлерге катышып келди (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 17 жаштагы тургуну Дастан Бактыбеков шахмат боюнча турнирлерге катышып, Америкага чейин барып келди. Шахмат менен машыкканына 10 жыл болгонун айткан Дастан менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш шахматчы 2001-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Учурда №1 Л.Н.Толстой атындагы гимназия-мектебинде 11-класста окуп жатат.

«Шахмат ойногонума 10 жыл болуп калды. Кичинекей чагымда үйдө шахмат тактасы бар эле, ага кызыгып, бирок ойногонду билбей, шашки ойночумун. Өзүм шахмат ойноп жатам деп ойлочумун. Бир күнү үйгө туугандарыбыз келип, алар шахмат ойногондо карап отуруп, үйрөнүп алдым. Шахмат башка оюндардан айырмаланып турат. Бул оюнда тактык абдан чоң ролду ойнойт. Кичинекей ката үчүн утушту алдырып жиберишиң мүмкүн. Шахмат 4-5 саатка созулган оюндай болуп сезилиши мүмкүн, бирок өзүң ойноп жатканда ал 4-5 саат абдан бат жана кызыктуу өтөт. Жогорку деңгээлде ойногуң келсе, ар дайым жаңы, күчтүү жүрүштөрдү үйрөнүп турушуң керек», - деди ал.

Дастан Балыкчы шаарынын биринчиликтеринде көп жолу жеңишке жетип, Балыкчы шаарынын курамында Ысык-Көл облусунун чемпиону аталган. Кыргыз Республикасынын чемпионатында Ысык-Көл облусунун курамы менен ойноп, эки жолу коло медаль тагынган. Ал атайын программа аркылуу Америкада бир жыл окуп, ал жакта да шахмат ойноп келген.

«Мен жашаган шаардын чемпиону болуп, Иллинойс штатынын чемпионатында өз регионумдун намысын коргогом. Аталган программа окуучуларга Америкадагы мектепте бир жыл акысыз окууга мүмкүнчүлүк берет. Мага ийгилик жылмайып, бул программанын жеңүүчүсү аталып, окуп келдим. Азыркы учурда бош убакта мага ылайыктуу жогоркуу окуу жайларды издөө менен алекмин. Келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салымымды кошкум келет», - деди ал.

Ал 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×