Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.02.2019 23:47

«Жеңеке»: 28 жашында жолдошунан айрылган Г.Исмаилова балдарына үй салып, өзү окуган мектептин директору болду (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Боз-Учук айлынын 39 жаштагы тургуну Гүлзат Исмаилова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Боз-Учук айлындагы Мамыркул Чөкүйев атындагы мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. Андан кийин К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математика факультетин кызыл диплом менен аяктаган. Андан соң, өзү билим алган мектепке физика-информатика мугалими болуп кирген. Ошондон бери бул мектепте эмгектенип, 2010-жылы директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болсо, 2015-жылы мектеп директору кызматына дайындалган.

Андан бери бул мектепке инвестиция тартылып, мектеп ашканасы жаңыртылып, жылуулук системасы толугу менен оңдотулду. Мектепке алма бак түптөлүп, майда өсүмдүктөр отургузулуп, түшүмү окуучулардын ысык тамагына пайдаланылууда. Быйыл мектептин сыртында окуучулар үчүн даараткана куруу иши башталган.

Г.Исмаилова 19 жашында турмушка чыгып, 4 баланын энеси болгон. 28 жашында жолдошу каза болуп калгандан кийин 11 жыл кайын энеси менен бирге жашап, өткөн жылы андан да айрылган.

«Турмуш мени көп нерсеге тарбиялады. Көп кыйынчылыкка тушуктум. Жолдошумдан, андан кийин кайын энемден ажырадым. Бирок өзүмдүн балдарымдын, окуучуларымдын жетишкендигин көргөндө абдан кубанып, кыйынчылыктын барын унутам. Менин жашоодогу принцибим — келечек муунду чындыкка, ак эмгектин үзүрүн көрүүгө тарбиялоо. Албетте, жетекчи болуш оңой эмес. Биз ар бир мугалимден сырткары балдар жана ата-энелер менен иштешибиз керек. Ар бир окуучунун тартиби менен билимине эле эмес, өмүрү үчүн да жоопкербиз.

11 жыл мурда жолдошум каза болду. Анда төртүнчү балам боюмда бар эле. Жолдошум 9 бир туугандын эң кичүүсү болгон үчүн кайын энем экөөбүздүн мойнубузда чоң милдет жүктөлдү. Кайын энем экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүк болгон жок. Ал жакшы адам эле. Экөөбүз тең бир-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасадык. Мен ага эч убакта каяша айткан эмесмин. Ал да мени колдоп, мектепке директор болгондо абдан кубаттады. Ар бир ишти кеңешип жасачубуз. Балдарым кичинекей болгондуктан аларга чоң караан болуп берди. Кайын энем 3 кыз, бир уулумду чоңойтууга чоң жардам берип, мага тирек болду. Азыр улуусу Эл аралык университетте студент. Кайын энем былтыр 83 жашында каза болду. Өксүп кала бердик», - дейт ал.

Гүлзат Исмаилова жолдошу куруп баштаган үйүн аягына чыгарып, балдарын жаңы үйгө киргизген. Жолдошу 9 бир туугандын кичүүсү болгондуктан, анын мойнунда жоопкерчилик көп. Туугандар арасында жакшылык-жамандыкта кызмат кылуу ага жүктөлгөн.

Учурда ал жетектеген мектептин имаратынын эскилиги жеткен үчүн кооптуу деп табылса дагы анда 320 окуучу билим алып, 20 мугалим иштейт. 8 мугалим билим берүүнүн мыктысы болуп саналат.

Жакында эле Г.Исмаиловага «Айкөл Аян» коому трабынан «Кылымдын баатыры» төш белгиси тапшырылды.

Аталган коомдун тең төрагасы Турат Кийизбаевдин маалыматына караганда, бул сыйлык аталган коом тарабынан элет жеринде үзүрлүү эмгектенген адамдарды колдоо иретинде берилүүдө.

«Бул сыйлык 3 номинациядан турат. Эң жогоркусу ушул сыйлык. Биздин комиссия 10 адамдан түзүлгөн. Бул сыйлык аркылуу элеттеги мугалимдерди колдойлу дедик. Себеби, жаш муунду тарбиялоодо алардын эмгеги зор. Аталган мектеп акыркы жылдары көп жакшы иштерди жасаптыр. Ага жетекчисинин салымы зор», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×