Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.11.2018 13:43 На русском

Караколдун тургунун өлтүрө сабап, унаасын айдап кетүүгө таанышы шектелүүдө

Turmush -  Каракол шаарынын тургунун мыкаачылык менен өлтүрүп, унаасын айдап кетүүгө шектүү делип мурда сот жообуна тартылган жаран изделүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-октябрында Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну Бактиярды белгисиз адамдар мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн арыкка таштап, унаасын айдап кетишкен. Учурда бул кылмышка шектүү жаран аныкталып, ал изделип жатат.

Ал мурда сот жообуна тартылган 32 жаштагы Чуй облусунун тургуну (эркек адам) экени белгилүү болду. Ал акыркы убакта Караколдо жашап келген. Окуя болгон күнү алар унаада бирге жүрүшкөн. Экөөнүн ортосунда урушуп чыгып, түн ичинде Жети-Өгүз районундагы сарымсак талаасында мушташа кетишкен. Анын кесепетинен Бактиярдын тиштери сынып, бети таанылгыс болгуча сабашкан. Бутун маркумдун бут кийиминин боосу менен байлап коюшкан. Талаада жер жумшак болгондуктан алардын издери калган. Анын арасынан аялдын бут кийиминин да изи табылып, окуя болгон жерде аял да болушу мүмкүн экени айтылууда.

Андан кийин белгисиз жаран унааны айдап кетип, Тамга айылына таштап кеткен. Ал унаа ачык калып, маркумга тиешелүү документтер ичинен табылган.

Ал эми ОИИБдин басма сөз кызматынан аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү изделип жатканын тастыкташты. Анын мурда сот жообуна тартылганы аныкталып, алардын акыркы жолу бирге жүргөнүн күбөлөр тастыктаганын, шектүү кармалганда башка жагдайлар белгилүү болорун билдиришти.

Буга чейин Бишкек—Каракол каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташыган жигиттин киши колдуу болгон жансыз денеси 27-октябрда табылгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×