Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.11.2018 10:29

Ысык-Көл районунда акыркы 10 күндө 3 адамды унаа сүзүп, экөө көз жумду

Turmush -  Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери рейддердин алкагында айдоочулардын документтерин, унаалардын абалын жана жолдо жүрүү эрежелерин текшерүүнү улантып жатышат. «Рулда», «Жөө жүргүнчү» аталышындагы иш-чаралар жол кырсыктарын алдын алуу, өзгөчө түн ичиндеги жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.

Маалым болгондой, акыркы 10 күн ичинде район аймагында 3 адамды унаа сүзүп кетсе, анын экөө өлүм менен аяктаган.

Аталган бөлүмдүн башчысы Тимур Кадыров да ар бир айылга барып, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал-жандыктарды түн ичинде жолго чыгарбоо үчүн кайрылуу жасап жатат. Акыркы кездерде унаа жолдо малды автоунаалар сүзгөн кырсыктардын саны да кескин өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×