Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.11.2018 16:44

Караколдо милиционерге 450 миң сом айып салынды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Каракол шаардык соту ШИИБдин тергөөчүсү Улардын (Д.У.Б. аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда маалымдалат.

Эмне үчүн айыпталууда?

2016-жылдын 8-мартында Каракол ШИИБге Кутман аттуу жаран (А.К. аты өзгөртүлдү) арыз менен кайрылып, жаңжалдын жыйынтыгында анын денесине жараат келтирген Илгизге (А.И. аты өзгөртүлдү) карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул арыз Каракол ШИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталган.

Ошол эле күнү Каракол ШИИБге ушундай эле арыз менен Илгиз аттуу жаран кайрылып, Кутманга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган арыз дагы кылмыштарды каттоо китепчесине катталган.

Түшкөн арыздарды кароо жана бул боюнча чечим кабыл алуу милдети ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү — Уларга жүктөлгөн. Ошол эле күнү Улар тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 16-мартта ал тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал Кутман менен Илгизге кабыл алынган чечим тууралуу билдирген эмес.

Аталган иш боюнча тергөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу өз убагында кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, ал мыйзамдуу негиздерге ээ болбой туруп, ИИБдин башчылыгынан дисциплинардык жаза алуудан кутулуу максатында арткы дата менен арыздануучулардын катышуусу жок процессуалдык документтерди толтуруп, процессуалдык чечим кабыл алган.

Иликтөөнүнү алкагында Кутманды жабырлануучу катары таануу жана жабырлануучу катары суракка алуу тууралуу токтом кабыл алып, экспертизаны дайындоо жана Кутмандын экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышуу боюнча протокол түзгөн жана Илгиздин жактоочудан баш тартуу тууралуу доосун, анын доосун канааттандыруу боюнча протокол толтурган.

Ошондой эле, 27-мартта шектүү Илгиздин экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышуу тууралуу протокол толтуруп, 15-апрелде Илгизди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмү менен айыпталуучу катары протокол толтуруп, эч жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы жана Кутмандын тосмо арызы боюнча токтом кабыл алган.

2016-жылдын 16-апрелинде Илгизге карата кылмыш иш токтотулган. Ошол эле учурда Улар Илгизди жабырлануучу катары таануу боюнча токтом кабыл алган. 5-апрелде Илгиздин экспертизасынын жыйнытыгы менен таанышуу, Кутмандын жактоочудан баш тартуу тууралуу доосун канааттандаруу тууралуу токтом кабыл алган. 7-апрелде шектүү Кутманды суракка алуу протоколун, Кутмандын экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышуу, 14-апрелде Кутманга карата эч жакка кетпөө баш кароо чарасын кабыл алуу, Илгиздин тосмо арыз жазгандыгы боюнча протокол кабыл алып, Кутманга карата кылмыш ишин токтоткон.

Илгиз ИИБге арыз менен кайрылып, тергөөчү Уларга чара көрүүнү өтүнүп, ал кылмыш иштин материалында анын колун жасалма түрдө пайдаланганын жана кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тарткандыгын айткан.

Соттолуучу эмне дейт?

Ал чындыгында Илгиздин жана Кутмандын арызы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш иштерди иликтеп жатканда тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө үлгүрбөй калган, себеби ошол эле учурда жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө болгон зордуктоо фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан. Ал Илгиздин атасына ишенгендиктен баардык тергөө иштеринин материалдарын алдын ала чыгарып, Илгиздин атасына берген. Ал эми Кутман кылмыш ишин токтотуу боюнча тергөө иштеринин материалдарынын документтерине өзү кол койгон.

Жыйынтыгында

Сот Уларды күнөөлүү деп таап, ага 450 миң сом айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×