Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.11.2018 14:52

Айыл турмушу: Балыкчылык Чынара Тиленбаева 16 жылдан бери балдарга шахмат ойноону үйрөтөт (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 52 жаштагы тургуну Чынара Тиленбаева 16 жылдан бери балдарга шахмат ойноону үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Чынара Тиленбаева Нарын шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе политехникалык институтунда билим алып, инженер-механик кесибине ээ болгон. 2002-жылдан бери Балыкчы балдар спорт мектебинде шахмат боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.

«Жалпы 40ка жакын окуучуга сабак берем. 16 жылдан ашык тажрыйбамда окуучуларым жакшы ийгиликтерге жетишти. Ысык-Көл облусундагы турнирлерде 1-2-3-орунду алган окуучуларым бар. Учурда бир окуучум Бишкектеги республикалык мелдешке катышып жатат. Дагы эки окуучум — Алия менен Бермет Нарындагы мелдеште күчүн сынап жатышат. Өзүм мугалимдер арасындагы мелдештерге катышып келем. Шахматтан тышкары тогуз коргоол ойноп, Таласка чейин барып келгем. Көптөгөн грамота, диплом жана медалдардын ээсимин», - деди ал.

Ал окуучусу тууралуу күлкүлүү окуяны айтып берди.

«2017-жылы Каракол шаарына Ысык-Көл облусунун окуучуларынын арасындагы мелдешке бардык. Бир окуучумдун баш кийимине чымчык чычып кетти. Ал бала топусун чечип, "жууйм" дейт. Биз баарыбыз командабыз менен "бул жакшылыкка" деп чечтирбей да, жуудурбай да койдук. Спортчулар ырым-жырымга көп ишенет. Ошентип ал бала аябай жакшы жыйынтык көрсөттү. Ал ийгилик жаратып, биздин команда 1-орунду ээледик. Албетте бул жөн гана дал келүү, баары кудайдын колунда.

Бош убакытым аз. Өзүмдүн кызым шахмат жана тогуз коргоолго кызыгат. Кээде үйдө ойноп калабыз. Келечекте окуучу балдарым Азия же дүйнөлүк чемпионатка катышса дейм. Эки кыз, бир уулум бар. Улуу кызым окуучу кезинде облустук мелдештерге катышып жүрдү. Уулум жана кичүү кызым мектептер арасындагы мелдештерге катышып, шахмат жана тогуз коргоол ойношот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×