Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.11.2018 15:53 На русском

Ысык-Көлдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн тургундун унаасы табылды

Turmush -  Ысык-Көлдүн тескей жээгинде өлтүрүлгөн кишинин унаасын милиция кызматкерлери табышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Оперативдүү-тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун унаасы Жети-Өгүз районунун Тамга айылында табылган. Шектүүлөрдү аныктоо жана аларды кармоо иштери улантылууда.

Буга чейин Бишкек—Каракол каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташыган жигиттин киши колдуу болгон жансыз денеси 27-октябрда табылгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасына маалым болгондой, маркумдун денесинин жанынан таяк табылган. Кол салгандар аны ошол таяк менен сабап өлтүргөн деп болжолдонуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун бети катуу жабыркап, тиштери сынган. Ал эми анын көгүш түстөгү «Ниссан Сефира» унаасы табыла элек болчу.

Маркумдун артында 6 бир тууганы жана апасы калды. Атасы буга чейин көз жумган.

Киши колдуу болгон жаран соода-сатык менен алектенчү. Ал жубайы менен көп кабаттуу үйлөрдүн алдында күркө иштетип, азык-түлүк сатып жатышкан.

Маалым болгондой, 27-октябрда саат 08:00дө Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жон-Булак айылынын четинде арыктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча райондук милициянын тергөө-оперативдүү тобу барып, эркек кишинин денесинде уруп-согуунун көптөгөн белгилери бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун өздүгү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну А.Бактияр экени маалым болгон. Учурда оор кылмыштын бетин ачуу боюнча оперативдүү-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×