Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.11.2018 15:29

Караколдо окуучулар мушташып, бири бычактан жарадар болгон окуяны милиция текшерүүдө

Turmush -  Каракол шаарындагы мектепте окуучулар мушташып, бири бычактан жарадар болгон окуя милиция кызматкерлери тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук билим берүү институтунун директору Кубан Шарипов билдирди.

Анын айтымында, окуучулар ортосунда болгон бул окуя укук коргоо органдарынын жана облустук билим берүү бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынды.

«Жаңжал мектептин имаратында болгон эмес, окуучулар ортосундагы жаңжал окуу жылы аяктагандан кийин болгон. Аталган факт боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Алар тарабынан тиешелүү деңгээлде бул боюнча баа берилет.

Мындан тышкары, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, облустук билим берүү институту жана башка ведомстволор дагы бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Шаардагы мектептердин базасында ата-энелерди окутуу курсун ачууну пландап жатабыз, анткени балдарды тарбиялоого бир гана мугалимдер жана мектептин администрациясы эмес, ата-энелер дагы тартылышы керек. Биз азыр окуу жылы аяктаганга чейин мындай курстарды ачуу керек делген мектептердин тизмесин жазып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×