Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.11.2018 13:39

Жети-Өгүздө чакан мейманкананын ээси ӨКМдин аймактык бөлүмүнө нааразы (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Озипа Мукашева жергиликтүү бийликке нааразы болууда.

Анын айтымында, ал 2009-жылы Жети-Өгүз курортунан дүкөн сатып алып, кийин курулуш иштерин жүргүзүп, чакан мейманкана курган. Ал курорт менен Үч-Булак жайлоосуна кетүүчү кыя жолдон жамгыр жааган маалда суу менен аккан таш-кумдар анын үйүнө кулап жатканын айтат. Бул маселе боюнча ал ӨКМдин райондук, облустук бөлүмдөрүнө кайрылган.

Мындан тышкары, ал район акимине да бир нече ирет кайрылып, тийиштүү адистер кырдаалды жеринде көрүп кеткени менен маселе чечилбей келүүдө.

Ал эми ӨКМдин Жети-Өгүз району боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нилбек Мамбеталиев бул маселе тууралуу жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айлананы курчап, ишембилик жүргүзүүнү сунуштап, ӨКМдин аймактык бөлүмү тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөй турганын билдиргенин айтты.

Жети-Өгүз районунун акими Калысбек Жудеев бул маселе тууралуу кабары жоктугун билдирди.

Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы жеринде бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, эгер табигый кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлсө, анда техникаларды берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми №35 жол тейлөө мекемесинин адистери алдыда тийиштүү иштер аткарыларын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×