Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.11.2018 11:25

Жети-Өгүздө 6 балалуу жалгыз бой энеге үй курулуп баштады (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну, 6 балалуу Рита Дырылдаеванын үй-бүлөсүнө үй курулуп баштады. Бул тууралуу «Адеп Ахлак» коомдук фондунун төрагасы Аваз Жунушев маалымдады.

Анын айтымында, Р.Дырылдаеванын жолдошу Аскар Узаков өткөн жылы каза болгон. Алардын эки уулу жана төрт кызы бар. Улуу баласы 22 жашта болсо, кичүүсү 8 жашта. Жолдошу каза болгон соң үй курууга каражат жетпегендиктен кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылган.

Учурда балдарын карап, үйдө отурган эне турак жай курулуп баштаганына ыраазы болуп, курулушка балдары менен кол кабыш кылып, жардам беришүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×