Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.11.2018 09:44

Ырчы Кайрат Кыргыз Жети-Өгүздүн ардактуу атуулу болду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ырчы Кайрат Салмакеевге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, наам Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата 5-ноябрда райондук маданият үйүндө өткөн иш-чаранын жүрүшүндө тапшырылды.

«Кайрат Салмакеев Жети-Өгүз районунда туулган. Ал кыргыз эстрадасында Кайрат Кыргыз деген ат менен таанымал. 2016-2017-2018-жылдары ал Жети-Өгүз районунда «Жети-Өгүз ышкыбоздору» эл аралык фестивалдарын уюштурган. Анын маданиятка кошкон салымы эске алып, аким райондук мамлекеттик администрациянын атынан «Ардактуу атуул» наамын тапшырды», - деп билдиришти акимиаттан.

Ошондой эле, «Ардактуу атуул» наамы Кызыл-Суу айылындагы маданият үйдүн жетекчиси болуп 20 жылдан бери эмгектенген Лама Курманкожоевага жана Кызыл-Суу айылынын тургуну, ардагер сүрөтчү Татьяна Талпаковага тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×