Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.11.2018 15:45 На русском

Караколдогу гүлбакчага орнотулган жаңы отургучтардын бирин талкалап кетишти (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук гүлбакчасына эки жума мурун жаңы отургучтар орнотулган. Алардын бирин бүгүн, 5-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар талкалап кетишкенин аймактык кабарчы билдирди.

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеевдин айтымында, борбордук гүлбакчага 8, «Тагай Бий» гүлбакчасына 4 отургуч орнотушкан. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, отургучтардын ар бири 13 миң сомго алынган.

«Учурда милицияга арыз жаздык. Буга чейин да борбордук гүлбакчадагы коомдук мүлктү сындырып кеткендер болгон. Бул буюмдар шаарга тиешелүү, ошондуктан аларга аяр мамиле жасасак жакшы болмок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×