Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.11.2018 14:48 На русском

Уктап жаткан 28 жаштагы кызды ала качкан жигиттердин бирине сот өкүм чыгарды

Turmush -  Балыкчы шаардык соту никеге туруу максатында кызды ала качкан 32 жаштагы адамга карата өкүм чыгарды.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1986-жылы туулган, убактылуу иштебеген, үй-бүлөлүү жана 4 баланын атасы Чыңгызга [Ж.Ч., аты өзгөртүлдү] карата кылмыш иши козголгон.

Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү (аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) боюнча айып тагылган.

Тергөө материалдарына ылайык, Чыңгыз 2016-жылдын 1-июлунда саат 03:00 чамасында 5 таанышы менен Балыкчы шаарына келген. Алар үйгө эшикти сындырып кирип, уктап жаткан Үмүтай [С.к.У., аты өзгөртүлдү] аттуу кызды ич кийимчен күч колдонуу менен эшикке алып чыгып, «Субару Легаси» унаасына салып, белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жана соттук жыйында Чыңгыз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ала качуу болгон күнү ал достору менен эс алып жүргөнүн айткан.

Жолугушууда жигиттердин бири Мирлан [М.М., аты өзгөртүлдү] үйлөнүү ниети бар экенин айткан, андан кийин Айбек [У.А., аты өзгөртүлдү] Үмүтай аттуу кыз тууралуу айтып берген. Алар чогулуп, Балыкчы шаарына чыгышкан. Кызды ала качып, алар борборго эртең менен келишкен. Бишкекте сыра ичип, андан кийин Мирландын үйүнө барышкан. Ал жактан аларды жеңелери тосуп алышып, Үмүтайды үйгө киргизишкен. Кыздын ата-энеси эртеси күнү милиция кызматкерлери менен келип, Үмүтайды алып кетишкен.

Соттук отурумда Чынгыз кечирим сурап, эми мындай кылмышка барбай тургандыгын билдирген. Үмүтай сотко келген эмес, бирок нотариус аркылуу күбөлөндүргөн арыз берип жиберген, анда ал Чынгызды ачык айыптоодон баш тарткандыгын айтып, ага карата кылмыш ишин токтотууну өтүнгөн.

Материалдын ишин карап чыгып, судья Чыңгызды КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде жазалоону шарттуу сыноо мөөнөтү менен 2 жыл деп эсептөөнү чечкен.

Буга чейин Балыкчы шаарында 28 жаштагы кызды уктап жаткан жеринен Бишкекке ала качып кеткен жигиттерге карата кылмыш иши козголгондугу маалымдалган.

Окуя тууралуу

Жигиттер кызды Ак-Бата конушуна күч колдонуп алып келишкен. 1987-жылы туулган М.М. ала качууну алдын ала пландаштырып, 4 досу менен барган. Жабырлануучу кыздын алысыраак тууганы кыз жашап жаткан үйдү таап берүүгө жардам берген. Ала качып келгенден кийин кызды никеге турууга мажбурлашкан. Кызды милиция кызматкерлери келгенде гана бошотушкан.

Сүрөт иллюстрациялык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×