Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2018 12:42

Ак-Суунун Теплоключенка айыл өкмөтү 65 үй-бүлөгө отун таратты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кышка карата 65 үй-бүлөгө отун таратылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Талант Көбөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кышында калкты отун менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөт тарабынан токой чарбачылыгынан 60 метр куб отун сатылып алынды.

«Сатылып алынган отун 65 үй-бүлөгө таратылып берилди. Мунун ичинен 15 жалгыз бой кары адамга үйүнө чейин жеткирилди. Учурда дагы 45 үй-бүлөгө отун берүү маселеси каралууда», - деп билдирди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×