Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.11.2018 17:01

Ак-Сууда 100 жолбун ит атылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жолбун иттер атылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, атуу иштери айыл өкмөт тарабынан уюштурулду. Бул жолу 100 ит атылды.

«Тургундардан түшкөн арыздардын негизинде жолбун иттер атылып жатат. Алардын көп болуусу балдарга эле эмес, чоң адамдар үчүн да кооптуу. Экинчиден бул иш айылдын санитардык абалын сактоодо да мааниге ээ. Ошондуктан дайым көзөмөлдөйбүз», - дешти айыл өкмөттүн өкүлдөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×