Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.11.2018 16:32 На русском

Ак-Суунун Боз-Учук айылындагы окуучулар кооптуу мектепте окуп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы Мамыркул Чөкүйев атындагы мектептин имараты учурда кооптуу абалда. Мектепте 320 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенет. Окуучулардын ичинен 100 бала башталгыч класстарда окушат.

Мектептин имараты мындан 50 жыл мурун курулган. 250 орундуу мектептин биринчи имараты 1978-жылы курулса, экинчи имараты 1989-жылы ашар жолу менен курулуп бүткөн. Ал эми үчүнчү имарат 1964-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

Аталган мектепте эмгектенген мугалимдер: «Билим уябыздын эскилиги жеткендиктен тактайлары солкулдап турат. Жыгачтар чирип, арасы ачылып кеткен. Бир күнү балдардын буту кирип кетеби деп кооптонобуз. Мектепке жыл сайын оңдоо иштерин жасоо менен аны эптеп кармап турабыз. Жылуулук системасы жаңыртылганы менен имараттардын пайдубалы чөгүп бара жатат. Жаракалар кеткен сайын бүтөйбүз.

2016-жылы ӨКМ баш болгон комиссия тарабынан имараттар кооптуу деген аныктама берилген. Бирок азыркыга чейин жаңы мектептин курулушу башталат деген маалымат да ала элекпиз. Биз бул маселе көп создуктурулбай чечилет деген үмүттөнөбүз», - дешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×