Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.11.2018 15:27

Ак-Сууда 15 турак жай суу каптоо коркунучунан корголду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында суунун нугу бурулуп, 15 турак үйдүн коопсуздугу сакталды. Бул тууралуу ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Калинин көчөсүнүн жанындагы Ак-Суу суусунун жээгинде суунун нугун буруу жана суунун жээгин бекемдөө иши жүрдү.

«Аталган жумуштар 560 метр жерде жүрүп, жыйынтыгында 15 турак жай кооптуу абалдан чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×