Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.11.2018 09:29

Ак-Суудагы ооруканага хирург Ж.Бектуровдун ысымын ыйгарып, айкелин тургузушту (сүрөт, видео)

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрь күнү Ак-Суу районунда аймактык ооруканага белгилүү хирург Жапар Бектуровдун ысымы ыйгарылып, айкелинин ачылышы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, райондун акими Улан Дөкөнбаев, улуттук онкология бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков, бир катар медициналык кызматкерлер, маркумдун туугандары жана үй-бүлөсү катышты.

Алар Жапар Бектуровдун эмгегин, адамкерчилигин эскеришип, кыргыз медицинасына зор салым кошконун белгилешти. Аймактык оорукананын башчысы Эркин Урманаев бул ысымды алуу менен аларга кошумча жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтты.

Оорукана 175 орунга ылайыкталып, анда жылына 8000ге чейин бейтап дарыланат. Ооруканага Ак-Суу району эле эмес, облустун бардык райондорунан бейтаптар келет.

Ж.Бектуров 1957-жылы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо бөлүмүн аяктаган. Ал практикалык хирург гана болбостон илимпоз да болгон. Ал 15 миңден ашык бейтапты дарылап, 5 миңге жакын эң татаал операцияларды жасап, ондогон шакирттерди тарбиялаган. Ж.Бектуров жүздөн ашык илимий эмгектердин автору. Анын жетекчилиги менен 2 докторлук, 6 кандидаттык диссертация жакталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×