Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.11.2018 08:00 Жаңыланды: 02.11.2018 19:20

«Тагдыр»: Ысык-көлдүк эне жалгыз уулунун өмүрүн сактап калуу үчүн жардам күтөт (фото, видео)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 8 жаштагы тургуну Элдар Дооронов нейролейкоз (нерв системасынын жабыркашы, кан пайда кылуу системасында шишик оорусунун күчөп кеткен түрү) оорусу менен жабыркайт. Элдардын апасы Айнура Калиеванын айтымында, баласына тез арада Индиядан операция жасатуу керек.

«Балама 2017-жылдын 9-мартында лейкоз оорусунун курч түрү деген диазноз коюлган. Быйыл бул оору кайра кайталанып, күчөп баштаптыр. Мында балама нейролейкоз деп диагноз коюшту. Мурунку оорудан калган рак клеткалары кайра козголуп жатыптыр. Азыр эриндери жакшы кыймылдабай калды.

Дарыгерлер Индияга операция жасатуу үчүн жиберип жатышат. Анда баш сөөгүн алмаштырышат. Индиялык дарыгерлер операцияга болжол менен 30-50 миң долларга чейин каражат кетерин айтышты. Анткени операциядан кийин комада, жандандыруу бөлүмүндө канча күн жатканына жараша акча кетет экен. Эгер эртерээк сакайып кетсе азыраак каражат сарпталат деп айтышты», - дейт ал.

Ал буга чейин операция үчүн 7 миң доллар каражат чогулганын айтты.

«Дарыгерлер операцияны тезирээк жасоо керектигин айтышууда. Себеби рак клеткалары күндөн күнгө көбөйүп жатат. Өзүмдүн болгон мүлкүмдү сатып, туугандарым жардамдашып, жалпы 7 миң доллар чогулду. Ошону менен Индияга барууну пландап жатабыз. Ал дарыланууга жумшалса, операцияга каражат топтоо керек.

Мындан 15 күн мурун өзүмдүн апам оорудан улам кайтыш болуп кетти. Ушундай сыноолорду башымдан өткөрүп жатам. Кайрымдуу адамдардан жардам күтөм», - дейт Айнура Калиева.

Ал 1986-жылы Балыкчы шаарында туулган. 2014-жылы уулу 4 жашка чыкканда жолдошу менен ажырашып кеткен.

Айнура Калиеванын байланыш телефондору: 0702501501, WhatsApp — 0777342272, Элсом — 0556884228.

Демирбанк: 110000084931588.

KICB банк 1280016044137437.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×