Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.11.2018 15:11

Жети-Өгүздө алдыңкы милиция кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Жети-Өгүз районунда кыргыз милициясынын 94 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызыл-Суу айылындагы Б.Ибраев атындагы маданият үйүндө уюштурулган салтанаттуу иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким К.Жудеев, РИИБдин жалпы жааматы, ИИМдин ардагерлери, райондогу айыл өкмөт башчылары жана мектеп мугалимдери менен окуучулар катышты.

Анда алгач мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине концерттик программа тартуулашты. Ага улай район акими К.Жудеев райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Турат Исаев жетектеген жалпы кызматкерлерди жана ардактуу эс алуудагы ИИМдин ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алдыңкы кызматкерлерге Ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Ошондой эле Турат Исаев да кесиптештерин майрамы менен куттуктап, аларга ИИМдин, ОИИБдин, РИИБдин сыйлыктарын тапшырса, ар бир айыл аймактардын башчылары да өз белектерин ыйгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×