Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.11.2018 14:17 На русском

Түркиянын биринчи айымы Кырчында унаа тыгынга кабылды: Ысык-Көлдө ЖКККБнын башчысынын орун басары алмашты

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп Жакыпов Эмил Назарбаевич дайындалды.

Буга чейин ал Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККнын взводунун командири кызматын аркалап келген. Эмил Жакыпов 35 жашта, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Аталган кызматты буга чейин Мирлан Аким уулу аркалап келген. Ал Көчмөндөр оюндары учурунда Кырчын жайлоосунда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган бараткан унаа жол тыгынга кабылган окуядан кийин кызматынан бошотулган.

Буга чейин Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда унаа тыгынга кабылгандыгы боюнча ИИМде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана бир нече жетекчилер жазага тартылганы боюнча маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×