Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.11.2018 13:53

Кыргыз милициясына 94 жыл: Тоңдо алдыңкы кызматкерлер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз милициясынын 94 жылдык мааракесине карата Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн бир нече кызматкерине сыйлыктар тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара Төрт-Күл айылында уюштурулуп, райондук администрациянын атынан райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын экинчи орун басары Биримкул Чегировго «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Мындан сырткары 3 милиция кызматкерине ардак грамота, дагы 3 кызматкерге ыраазычылык баракчасы берилди.

Жыйындын соңунда көзү өтүп кеткен милиция кызматкерлерине багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×