Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.11.2018 11:47

Кыргыз милициясына 94 жыл: Караколдо парад өтүп, алдыңкы кызматкерлер сыйланды (сүрөт, видео)

Turmush -  Каракол шаарында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 94 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерип, эстеликке гүл чамбар коюу менен башталды. Андан кийин ОИИБдин имаратынын алдына тургузулган генерал Ажыке Кутманалиевдин айкелине да гүл коюлду. Шаардын борбордук аянтында Ысык-Көл ОИИБ жана ички иштер бөлүмдөрүнүн күч жана каражаттары параддан өттү. Ошондой эле ыкчам кызмат ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык берилди.

Иш-чара Касымалы Жантөшев атындагы драмалык театрда уланып, ага облустун күч түзүмдөрү жана башка ведомстволордун өкүлдөрү чакырылды. Алар милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, грамота жана белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×