Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.11.2018 10:41 На русском

Караколдо мектептеги массалык мушташ учурунда окуучу бычактан жаракат алды

Turmush -  Каракол шаарындагы мектепте окуучулар мушташып, бычактан жарадар болгон окуучу ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуя шаардагы мектептердин биринин короосунда 31-октябрда саат 08:40 чамасында болуп, анда 8-класстын окуучулары ортосунда мушташ чыккан. 8-«А» класстын окуучусу Ж.Жылдызбек менен 8-«Б» класстын окуучусу А.Илхам урушуп, андан улам Ильхам бутуна бычак жеген.

Жылдызбек бул кадамга баргандыгынын себебин, Ильхам шаардагы башка мектептин окуучулары менен биригип, «А» класстын балдарын бир күн мурда сабактан кийин Ленин жана Пржевальск көчөлөрүн кесилишинен сабагандыгын жана ошол күнү да сабай турган болгону менен түшүндүргөн.

Ал эми Ильхамга 11-«Б» классынын балдары болушуп, Жылдызбекти жана четте карап турган балдарды сабашкан. Мындан улам Т.Баэль жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Аталган факт болгонун Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тастыктап, бычак жеген Ильхамга ооруканадан жардам көрсөтүлүп, ал үйүнө чыгарылганын жана милиция учурда бул окуяны териштирип жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×