Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.11.2018 09:35 Жаңыланды: 01.11.2018 13:53 На русском

Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, жубайлар оор абалда ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жол-транспорт кырсыгы катталды. Жол кырсыктын кесепетинен эки адам кабыргалары сынган, баш мээсинен жарадар болгон абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Кийинчерээк ЖККК бөлүмүнөн маалымдашкандай, жол кырсык 31-октябрда саат 02:30 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 13-чакырымында — Сары-Камыш айылынын күн батыш тарабында катталган.

Сары-Камыш айылынын 1978-жылы туулган тургуну Т.Турдубек «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 09 КG 562 ABA) унаасын чыгышты карай башкарып бара жатып, жолдон чыга калган иттен качам деп, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жана анын 1972-жылы туулган жубайы М.Бактыгүл жабыркап, Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктан кийин айдоочу ооруканага жаткырылганына байланыштуу анын спирт ичимдигин ичкендигин аныктоого мүмкүн болгон эмес. Анын анализи алынып, тергөө кызматы тарабынан экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы чыгарыла элек.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жол кырсыгына айдоочу чарчаңкы абалда автоунаа айдап бара жатып, рулда уктап кеткени себеп болгон. ЖККК бөлүмү жалпы айдоочуларга чарчаңкы абалда унаа айдоо кооптуу экенин эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×