Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.10.2018 14:56

Түптө эки жетекчи «Кылымдын баатыры» күмүш медалы менен сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районунда эки жетекчи «Кылымдын баатыры» күмүш медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Түп районуна «Айкөл аян» коомдук фондусунун теңтөрагасы, төкмө акын Эсенбек Кийизбаев келип, райондун акими Элчибек Жантаев менен Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозобек Жапаровго «Кылымдын баатыры» күмүш медалын тапшырды.

«Биз бул эки адамды жөн эле жерден тандап алган жокпуз. Кыргыз элинде Манасты жана төкмө акындарды даңазалоодо, маданияттын жана искусствонун өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн сыйлоону чечтик.

Жай чилдесинде кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра жайлоосунда өткөн «Каркыра кыргыз дөөлөтү» малчылардын майрамында жана Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аким Э.Жантаев менен айыл өкмөт башчысы О.Жапаров экөө манасчылар менен төкмөлөргө өзгөчө маани беришти. Атайын түзүлгөн комиссия булардын эмгегин баалап, күмүш медалдарды ыйгардык», - деди Э.Кийизбаев.

Сыйлоо аземине Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү Жээнбай Түрк да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×