Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.10.2018 12:20 На русском

Ысык-Көлдөгү коллегияда бир нече жетекчилер эскертүү жана сөгүш алды (видео)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө 30-октябрда өткөн коллегияда мамлекеттик мекемелердин бир нече жетекчилерине эскертүү берилип, кээ бирине сөгүш жарыяланды. Жыйында ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы каралып, анда төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды.

- Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жудеевдин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу;

- Саламаттыкты сактоо министрлигине Эсенбек Сатылкановдун министрликтин Ысык-Көл облусундагы координатору кызматына дал келүүсүн кароо өтүнүчү менен кат жолдоо. Мындай чечим облустагы саламаттыкты сактоо тармагында топтолгон маселелерден улам кабыл алынды;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облустук башкармалыгынын директору Төлөн Кыргызбаевге эскертүү берүү жана Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Токтобай Маанаевге жана Санэпид кызматынын облустагы координатору Бектуровго эскертүү берүү;

- Саламаттыкты сактоо министрлигинин Түп району боюнча координатору Макешовго, Ысык-Көл району боюнча координатору Жээнбаевага сөгүш жарыялоо сунушун министрликке жолдоо;

- Билим берүү жана илим министрлигине Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Чекмированын кызматына дал келүүсүн кароону сунуштоо. Мындай чечим райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринде орун алган моралдык-психикалык кырдаалдан улам жөнөтүлдү;

- Каракол, Балыкчы шаарларында жана Түп районундагы мектептерде билим берүүдөгү төмөнкү жетишкендиктери үчүн Билим берүү жана илим министрлигине аталган шаар жана райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын ээлеген кызматына дал келүүсүн кароо сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×