Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 31.10.2018 09:40 На русском

Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун куруучулар нааразы болуп чыгышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Балыкчы—Тамчы—Корумду жолунун куруучулары кайрадан иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Балыкчы шаарына чогулуп жаткан куруучулардын айтымында, алар акыркы 3 айдан бери айлык ала элек.

«Август, сентябрь айларынын айлыгын берилген эмес. Мына, октябрь айы аяктап жатат. Үй-бүлөбүздү багуу үчүн эс албай иштейбиз. Арабызда ай сайын насыя төлөгөндөр бар. Айлык акыбызды беришин талап кылабыз. Балдарыбызды кышка даярдап, жылуу кийим жана көмүр, отун камдоо керек. Ушунча иштеген элдин эмгегин бериш керек да», - дешти куруучулар.

Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча башкы көтөрчөмү — «Лонг Хай» компаниясы. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Лонг Хай» компаниясын Сунь Чжэн Фу жетектейт. Компаниянын түзүүчүсү — «Лонг Хай» жолдор жана көпүрөлөр корпорациясы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×