Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ысык-Көл облусуТүп району 31.10.2018 09:24 На русском

Кант диабетинен улам эки бутунан ажыраган 70 жаштагы Ж.Шадиевага араба берилди (фото)

Turmush -  Түп районунун Ой-Булак айылынын 70 жаштагы тургуну Жүзүмкан Шадиевага майып арабасы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жыпара Кыдыралиеванын айтымында, алар мындай арабаларды облус боюнча 10 адамга тапшырышты.

«Бул арабалар «Түрк кызматташтык жана координация агенттиги» (TiKA) менен Кызыл ай коомунун «Тоскоолдуксуз жашоо» акциясынын негизинде берилди», - деди ал.

Араба алган Жүзүмкан Шадиева 70 жашта. Анын 4 баласы, 7 небереси бар. Эс тарткандан бери соодагер болуп кызмат кылып жүрүп кант диабетине чалдыккан. Бул оору эки бутунан ажыратты. Азыркы убакта буту баспаса да неберелерине баш-көз болуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.73% (771)
«РСК Банк»
27.74% (398)
«Капитал Банк»
6.48% (93)
...
Всего голосов: 1435
×