Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.10.2018 19:12 На русском

Ысык-Көлдө диний көз караштан улам окууга жиберилбей жаткан 2 кыздын апасы маселенин чоо-жайын ачыктады (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылында диний көз караштан улам 2 кызын мектепке жибербей жаткан Бактыгүл Абдрахманова маселенин чоо-жайын ачыктады.

Анын айтымында, мурда жолдошу мыйзам алдында жазаланган соң кыздарын билим алууга жиберүүгө сөз берген. Ал сентябрь айында кыздарын медресеге жиберген. Алар медреседе окуп жатканда «кыздарды атасы издеп жатат» деген кат келгендиктен медреседен кыздарын кетирип жиберишкен. Ал кат райондук администрациясы тарабынан жазылган.

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы мындай маалыматты четке кагып, эч кандай кат жазылбаганын билдирди. Тиешелүү органдар 2 кыздын энесине дагы бир ирет аларды мектепке жөнөтүү талабын койду. Эгер талап аткарылбаса анда энелик укуктан ажыратуу маселеси каралат.

Райондогу буга окшогон башка үй-бүлөлөрдүн балдары аталары жоопко тартылган соң жаңы окуу жылынан бери мектепке бара башташты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын 43 жаштагы тургуну А.Бактыгүл жолдошу экөө диний көз караштан улам балдарын мектепке жибербей жатышкандыгы кабарланган.

Анын жолдошу – 1971-жылы туулган А.Ж. учурда Чолпон-Ата шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан. Райондук прокуратура бул үй-бүлөнү “жашы жете элек балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарган жок” деген негизде административдик айыпка жыгып, андан соң балдарды мектепке милдеттүү түрдө алып баруу боюнча райондук сотко доо арыз жиберген. Райондук сот тарабынан прокуратуранын арызы канааттандырылган. Бирок, ата-энелер тарабынан соттун чечими аткарылган эмес. Буга байланыштуу райондук прокуратура жубайларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча кылмыш иш козгогон.

Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 2-апрелиндеги чечими менен жубайлар А.Ж. жана А.Б., Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (“Жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") жана 338-беренеси (“Сот чечимин аткаруудан баш тартуу”) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган. А.Ж. сот залынан камакка алынган. Ал эми А.Б. жаш баласы 14 жашка чыкканга чейин жаза мөөнөтүнөн убактылуу бошотулган.

Жубайлар 5 жылдан ашуун убакыттан бери балдарына мектепке барууга, көчөгө чыгууга, башка адамдар менен сүйлөшүүгө, башка адабияттарды окууга, медициналык мекемелерге барууга тыюу салышкан. Буга байланыштуу жашы жете элек балдардын психикалык жактан өнүгүүсү кечеңдегени байкалган.

17-июлда социалдык кызматкерлердин тобу, райондук администрациянын өкүлдөрү А.Бактыгүлдүн үйүнө барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан. Мындай жолугушуу А.Бактыгүл үчүн күтүүсүз болуп, ал мындай жол менен анын конституциялык укуктары бузулуп жатканын айткан.

Социалдык кызматкерлер ага Кыргызстан светтик өлкө экендигин, ар бир адам мамлекеттик билим берүү мекемелеринен жалпы жана орто билим алууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

Ал эми Бактыгүл өз пикири менен бөлүшкөн.

«Биздин үй-бүлө ислам динин кабыл алган жана анын мыйзамы боюнча жашайт. Эмне үчүн өлкө жетекчилери бизге окшогондор үчүн шарт түзүшпөйт? Мен дагы жардам талап кылууга укуктуумун. Азыр балдар ислам мектептерине 9-класстан кийин гана бара алышат», - деген ал.

Ал ошондой эле, балдарын мектепке эмне үчүн жибербей жаткандыгын да түшүндүргөн.

«Мусулман аялдар бир бөлмөдө эркек киши менен болбошу керек. Үйдө балдар диний китептерди окушат», - деген ал.

Бактыгүлдүн айтымында, ал жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин 6 жыл мугалим болуп иштеген. Кичүү кызы Фатима учурда 12 жашта. Ал мурунку Гүлдана деген атын өзгөртүп алган.

Мындан 8 жыл мурун диний көз караштан улам алар үйдүн ичинен баардык тиричилик техникаларды чыгарып салышкан. Улуу кызы турмушка чыккан. Ортончу кызы Амина 17 жашта. Ал кечелекте дизайнер болууну кыялданат. Паранжа кийген кыздарга ылайыкташкан окуу борбору ачылса, ошол жактан билим алууну көздөйт. Алар үйдө, намаз окуп, диний китептерди окушат, бош убактыларында укташат.

Бактыгүлдүн айтымында, үй-бүлөнүн эң негизги кирешеси кол өнөрчүлүк болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×