Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.10.2018 18:36 На русском

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыз 2 жыл мурда өгөй атасы зордуктаганын айтты

Turmush -  Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери 13 жаштагы кыздын зордукталышын иликтеп жатат.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, 28-октябрда Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Атадагы балдар реабилитациялык борборунан арыз түшкөн. Анда 2005-жылы туулган Азиза аттуу кыз (аты өзгөртүлдү) 1962-жылы туулган Элдияр аттуу (аты өзгөртүлдү) өгөй атасы тарабынан зордукталгандыгы айтылган. Иликтөөчү топ жабырлануучу кыздан маалымат алган учурда ал Ысык-Көл районундагы үйлөрдүн биринде 1976-жылы туулган апасы Айнура (аты өзгөртүлдү) жана өгөй атасы менен жашагандыгын билдирген. Июнь айынын башында өгөй атасы апасы үйдө жокто күч колдонуп зордуктап салган. Андан кийин 2-жолу 2015-жылдын 29-июнунда Түп районунда туугандарыныкына конокко барган учурда зордуктаган.

Аталган факты боюнча кыздык белги качан жабыркагандыгын текшерүү үчүн 2018-жылдын 29-сентябрында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы 10-октябрда чыгып, кыздын кандайдыр бир жаракат алгандыгы тастыкталган эмес. Бирок Азизанын кыздыгы жабыркагандыгы аныкталган. Бирок ал качан жабыркагандыгы такталган эмес. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү (жашы жете элек кызды зордуктоо) менен кылмыш иш козголгон. Өгөй атага айып тагылып, соттун чечими менен камакка алынган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары жабырлануучу Азиза 6-класска чейин Ысык-Көл районундагы мектептердин биринде окугандыгы белгилүү болду. 2017-жылдын ноябрь айында Чолпон-Атадагы балдар реабилитациялык борборунда дарылануудан өткөн. 2018-жылдын 4-октябрында Чолпон-Ата шаарындагы балдар үйүнө которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×