Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 30.10.2018 16:41 Жаңыланды: 30.10.2018 18:04

Адистер өмүрдү узартып, оорулардын алдын алган 8 кадамды сунушташты

Turmush -  Балыкчы шаарына Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери келип, студенттерге туура тамактануу, позитивдүү маанайда болуу, башкаларга жакшы мамиле кылуу, кыймылдуулуктун, эс алуунун пайдасы, жаратканга, жакындарга ишенүү, айлана-чөйрөнү сактоо, өзүн-өзү кармануунун эрежелерин сунушташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Адистер адамдын саламаттыгын бекемдеп, өмүрлөрүн узартып, оорулардын алдын алган 8 кадамды сунуштады.

Биринчи кадам адамдын өзүн-өзү башкаруусу. Бул жүрүм-турумду көзөмөлдөөгө болгон жөндөмдүүлүк. Алдыга жаңы максаттарды коюп, ден соолукту чыңдаган адаттарды калыптандыруу жана жашоонун телегейи тегиз болуусуна аракеттенүү. Чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү сыяктуу ден соолукка терс таасир эткен жана өмүрдү кыскарткан адаттардан баш тартуу да өтө маанилүү.

Экинчи кадам туура эс алуу. Бул толук түнкү уйку жана түшкү эс алуу. Андан тышкары, жумасына бир күн дем алуу, ал эми жылда бир жолу бир айга эмгек эргүүсүнө чыгып, жагымдуу нукта түйшүктөрдөн алыстап, күчкө толуу. Стресс жана кыйынчылыктар бара-бара топтоло берип, кыйналуу, керек болсо ооруларды жана көптөгөн түйшүктөрдү жаратат. Эгерде күнүмдүк эс алууну туура өткөрсөк, анда артериалдык кан басымды төмөндөтүп, көңүл көтөрүлүп, стрессти жеңе алабыз. Адам кечки саат 21:00дө жатып, 7-8 саат уктаса, анда уйку эң жакшы болот.

Үчүнчү кадам айлана-чөйрө. Жаратылыш биздин ден соолугубузду бекемдей алат. Биздин бардык сезимдерибиз – көрүү, жыт жана жылуулук сезүү, угуу, даам сезүү биздин көнүлүбүзгө оң же терс таасир этет. Ошондуктан жаратылышка көп чыгып, парктарда сейилдөө зарыл.

Төртүнчү кадам кыймылдуулук. Дарылардын эң пайдалуусу – физикалык көнүгүүлөр. Күнүмдүк турмушта көбүрөөк кара жумушта иштеп, физикалык көнүгүүлөр менен алек болгон адамдардын ден соолугу күчтүү келип, узак өмүр сүрүшөөрүн окумуштуулар далилдешкен. Кыймыл-аракеттер ар түрдүү оруулардан арылтат. Алар сөөктү бекемдеп, маанайды жакшыртат. Андан тышкары дене машыгуулар адамды 10 жылга жашартаары айтылып келет.

Бешинчи кадам – ишенүү. Бул жашоодо кээде өз сырларыбызды, керек болсо бүт өмүрүбүздү башка бирөөнө толук тапшырабыз. Бирөөнө ишенимсиз таянуу мүмкүн эмес. Өзүбүзгө, башкаларга жана кудурети күчтүү кудайга ишенүү зарыл. Бирөөнө толук ишенип, ага таянуу деген, бул биз андан үмүттөнгөн нерсебизди алаарыбыздан шектенбөө дегенди билдирет. Ишенүү – биз көрө элек нерсеге толугу менен ишенүү. Толук ишенүү кубаныч, тынчтык, коопсуздук берет. Ал сарсанаа, кооптонууну жеңип, көнүлүбүздү жайдары кылат.

Алтынчы кадам – жакшы мамилелер. Карым-катнаштар биздин ден соолугубуз менен бактыбыз үчүн абдан маанилүү. Сизди колдоп, түшүнүп, чечимдериңиздерде жардам берип жана сизге оң таасир эте турган адамдардын бар болгону сиздин ден соолугуңузга пайдалуу. Ал эми жалгыздык же начар мамилелер ден соолукту бузуп, сарсанаа менен ооруларды алып келиши мүмкүн. Адам катуу оорудан сакайып, калыптанып жаткан кезде ал үчүн үй-бүлөнүн, достордун, колдоп турган адамдардын бар болушу абдан маанилүү экени далилденген. Достору көп жана башкалар жөнүндө кам көргөн адамдар ооруларга аз чалдыгат.

Жетинчи кадам – позитивдүүлүк. Позитивдүү же ачык маанайда жашоо абдан маанилүү. Позитивдүүлүк – бул айлана-чөйрөнү жана адамдарды туура, ачык көңүлдүү кабыл алуу. Ошондуктан колдон келишинче позитивдүү болуп, ар бир нерсенин жакшы тарабын көрүңүз. Атайын өткөрүлгөн изилдөөлөр, бизди курчап турган айланага болгон мамилебиз, оорулардын пайда болуп жана алардын күчөшүнө таасир этээри далилденген. Биздин жашообуз үмүткө толуп, кубанычтуу болуусу зарыл.

Сегизинчи кадам – туура тамактануу. Тамак-аш биздин денебизди азыктандырып турган нерсе. Атайын өткөрүлгөн изилдөөлөр тең салмактуу туура тамактануу бизге күч-кубат берип жана ден соолугубузду бекемдейт. Тамактануу боюнча берилген бардык сунуштардын ичинен сиздерге эң башкы эки кеңеш беребиз. Биринчиси ден соолугуңузду бекемдеген тамак-аштан көп жеңиз. Ал эми экинчиси сапаттуу азыктар менен азыктаныңыз. Туура тамактануу өмүрдү узартып, саламаттыкты чыңалтат. Ошондуктан азыктанууга өзгөрүүлөрдү киргизиңиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×