Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.10.2018 16:12

Ысык-Көлдө иш учурунда каза болгон милиция кызматкери Ж.Мокоевдин үй-бүлөсүнө жардам берилди (фото)

Turmush -  Кыргыз милициясынын 94 жылдык майрамына карата Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан кызмат учурунда каза болгон Жумакадыр Мокоевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум Ж.Мокоевдин жубайы Дилбара Макеева кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, ОИИБдин жалпы жамаатына ийгиликтерди каалады.

Жумакадыр Мокоев иш учурунда кылмышкерлер менен күрөшүү учурунда каза болгон. 1991-жылы «Кызыл Жылдыз» ордени ал каза болгондон кийин ыйгарылган.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБнын административдик имаратында өздүк курамдын атайын саптык тизилүүсү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×